Кантип трейдер болуп өссө болот
Трейдингде өсүү — ар бир ысык сигналды кууп жүрүүдөн болбойт. Ал тереңдик, тартип, сабыр жана убакыт өткөн сайын көп эмгектенүүдөн келет. Жолу мына бул 👇
1. Өзүңө туура келген ыкманы тап
Ар кандай трейдинг стилдерин сына, бир күнү сага туурасы чыгат. Ал сенин мүнөзүңө, убакытка жана ой жүгүртүүңө туура келиши шарт. Өзүңө жат системада ийгилик болбойт.
2. Бир ыкмага бекем тур
Стил тапсаң, бүт күчүң менен кир. Алагды болбо. Жакшы-жаман учурлардын баарын көтөрүш керек.
3. Өткөндөгү лидерлерди жана сетаптарды үйрөн
Көп убакыт бөл (10 миң сааттан да көп). Чоң уткан трейддерди, кайра-кайра кайталанган үлгүлөрдү изилде. Мээңди машыктырган сайын, жакшы мүмкүнчүлүктөрдү тезирээк көрөсүң.
4. Рыноктун тренд моделин түз
Качан соода кылуу керек, качан күтүп туруу керек экенин так бил. Убакыт туура тандаганда утуш мүмкүнчүлүгүң көбөйөт.
5. Риск башкарууну үйрөн
Башын түшүнүп, анан тереңирээк кир. Биринчи милдетиң — рынокто кала бер. Аз тобокелге бар, капиталыңды сакта, бир эле соода баарын жок кылбашы керек.
6. Ар бир соодону катта
Таблицалар, скриншоттор, жазууларды колдон. Ошентип документтештирүү окууңду тездетет.
7. Адегенде чыгымга кирбөө максат болсун
Биринчи максат — пайда эмес, акча жоготпоо. Риск көзөмөлү жана рынокту туура тандоо нөлгө чыгууга жардам берет.
8. Кайталанган каталарды жой
Ар бир ката сабак берет. Соодаларыңды карап чык, каталарды тап, аларды кайра кайталабаш үчүн жаңы эрежелерди жаз. Ошентип өсөсүң.
9. Туруктуу пайда тап
Убакыт өткөн сайын графигиӊ жогорулай баштайт — бул жакшыраак сетап тапканың үчүн эмес, тобокелди жана убакытты жакшыраак башкарганың үчүн.
10. Сактык менен кеңей
Туруктуу пайда көрө баштаганда гана позицияларды чоңойт, маржаны көбөйт. Бирок эч качан бузук системаны чоңойтпо.